Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 63 токтомуна)
Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-майындагы № 259, 2025-жылдын 29-июлундагы № 453 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) курулуш тармагынын адистерине мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Архитектура жана курулуш жаатындагы кесиптик ишти мамлекеттик квалификациялык сертификациялоонун максаты курулуш тармагынын адистеринин кесиптик укуктарын коргоо, алардын кесиптик деңгээлин жана курулуш продукциясынын сапаты үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу, бул продукцияны керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.
4. Мамлекеттик квалификациялык сертификат (мындан ары - сертификат) курулуш тармагынын адисинин кесиптик компетенттүүлүгүн ырастоочу, ага ал тарабынан же анын жетекчилиги алдында аткарылуучу иштердин сапаты жана натыйжасы үчүн жоопкерчиликти жүктөөчү документ болуп саналат.
5. Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген Курулуш тармагынын адистерин квалификациялык сертификациялоо жүргүзүлүүчү адистиктердин тизмесине (мындан ары - Адистиктердин тизмеси) ылайык жүргүзүлөт.
6. Сертификат менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, ошондой эле жекече эмгек иши тартибинде Адистиктердин тизмесинде каралган архитектура жана курулуш жаатында иштердин тиешелүү түрлөрүн аткарган жеке жактарга - Кыргыз Республикасынын жарандарына берилет.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген сертификаттар Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин аймактарында жарактуу.
8. Мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылуучу иштердин реестрине ылайык акы төлөнүүчү негизде тестирлөө формасында жүргүзүлөт.
81. Мамлекеттик квалификациялык сертификат берүү кагаз сертификатты бербестен берилген сертификаттардын онлайн реестрине киргизүү формасында жүргүзүлөт.
82. Берилген сертификаттардын реестри алардын укуктук статусун ырастоочу расмий булак болуп саналат.
83. Берилген, токтотула турган жана жокко чыгарылган сертификаттар жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн онлайн реестрге киргизилет жана анын расмий сайтына жайгаштырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо жүргүзүүдө төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) курулуш жана архитектура чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын негизинде тестирлөө жүргүзүү үчүн суроолордун тизмесин иштеп чыгуу жана бекитүү;
2) арыз ээлери тарабынан берилген документтерди кароо жана документтердин толук пакети берилген учурда аларды онлайн-режимде кабыл алуу;
3) арыздарды кароодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруу;
4) арыздардын келип түшүүсүнө жараша тестирлөөнүн графигин түзүү;
5) сертификаттарды тариздөө жана берүү;
6) эскертүү, сертификаттарды токтото туруу жана жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгаруу;
7) берилген, токтотула турган жана жокко чыгарылган сертификаттардын реестрин жүргүзүү;
8) берилген жана жокко чыгарылган сертификаттар жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыялоо;
9) изденүүчүлөргө консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
10) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Мамлекеттик эмес уюмдарда жана мекемелерде, анын ичинде жеке эмгек тартибинде иштеген адистер үчүн сертификаттардын түрлөрү жана аларды берүүнүн шарттары