|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350, 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 670 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо жазык-аткаруу тутумунун (мындан ары – ЖАТ) ишинин маселелери боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды аткаруучу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (мындан ары – ЖАК) ишинин тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
2. ЖАК – бул бирдиктүү ЖАТка кирүүчү, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмү, ал мекеме уюштуруу-укуктук формасындагы укук коргоо органы болуп саналат.
3. ЖАК өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, конституциялык мыйзамдарды, мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Министрликтин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. ЖАК өзүнүн ишин түздөн-түз жана (же) өзүнүн органдары жана мекемелери, ошондой эле ЖАтын ишин камсыз кылуу үчүн атайын түзүлгөн ишканалар жана мекемелер аркылуу Министрликтин жетекчилиги жана координациялоосу астында жүзөгө ашырат.
5. ЖАК өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө ишке ашырат.
6. ЖАК юридикалык жактын укуктук жөндөмдүүлүгүнө ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн фирмалык аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдар) ылайык ачылган эсептери бар.
7. ЖАК өзүнө бекитилип берилген мүлктү мыйзамдарда белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу укугун ишке ашырат, ошондой эле аны сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрөт.
8. Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменттин аскер кызматчыларына аскер кызматчыларынын укуктук статусун жана алардын аскер кызматын өтөө тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын колдонулушу жайылтылат.
9. ЖАКтын толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы»;
расмий тилде: «Служба исполнения наказаний при Министерстве юстиции Кыргызской Республики».
ЖАКтын кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: «ЖАК»;