КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-июну № 30
Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 161 токтомунун редакциясына ылайык)
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги текстинин аталышындагы, преамбуласындагы жана 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "жазуу органдарындагы" деген сөздөр "жазуунун" деген сөз менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жободо:
- 9-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацындагы "аталыкты, асыроону тастыктоодо" деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жободо:
- мамлекеттик тилдеги текстинин аталышындагы, 2-пунктунун экинчи абзацындагы "жазуу органдарындагы" деген сөздөр "жазуунун" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 8-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 161 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 "Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу мурда даярдалган күбөлүктөр жарактуу болуп таанылаары жана бланктык продукциянын калдыгы толук иштетилгенге чейин берилүүгө тийиш экендиги белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 22-июнундагы № 72 (3251) жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |