Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 161 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2018-жылдын 11-декабры № 579
Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 30,2022-жылдын 30-марты №186)
токтомунун редакциясына ылайык)
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формалары, 1-тиркемеге ылайык;
- жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формалары, 2-тиркемеге ылайык;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формалары (сүрөттөмөлөрү жана үлгүлөрү), 3-тиркемеге ылайык;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формалары, 4-тиркемеге ылайык;
- жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарын толтуруу тартиби, 5-тиркемеге ылайык;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын толтуруу тартиби, 6-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын жаңы формаларынын үлгүлөрүн жиберсин;