Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 24-августу № 541
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 327 "Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Алкоголдук рынокту лицензиялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле этил спиртин жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүүнү жана жүгүртүүнү азайтуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 327 "Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо:
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Милдеттүү лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү боюнча:
- арыз берүүчүгө менчик укугунда таандык болгон, санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келген өндүрүштүк имараттардын, курулмалардын, кампа жана стационардык жайлардын, ошондой эле этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө зарыл болгон жабдуулардын болушу;
- спирт сактоочу жайларда даяр продукция куюлуп сатылуучу сыйымдуулуктардагы чыгымды өлчөгүчтөрдүн болушу;
- продукцияны кабыл алууга, сактоого, берүүгө жана эсепке алууга гана арналган кампа жайларынын болушу;
- спирт заводдоруна кире турган (чыга турган) бардык жерлерде этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салган, мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органга маалыматты берүү менен видео байкоонун болушу;
- этил спиртин өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте декларациялоо;