Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 234 токтомуна) |
Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө ТИПТҮҮ НУСКАМА
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускама (мындан ары - Нускама) бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуунун, эсепке алуунун, сактоонун, өткөрүп берүүнүн жана жок кылуунун бирдиктүү тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Эгерде буюмдук далилдер жабырлануучуларга, алардын туугандарына, тараптарга же башка адамдарга белгиленген тартипте берилбесе, буюмдук далилдерди сактоодо алардын буюмдук далилдер катары укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча мааниге ээ болгон белгилерин жана касиеттерин, ошондой эле андагы издерди сактоо, буюмдук далилдердин өзүн сактоо боюнча чаралар көрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Буюмдук далилдерди сактоо жана берүү
3. Буюмдук далилдерди сактоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги өзүнчө жайды - буюмдук далилдерди сактоо камерасын бөлүп берүүгө тийиш.
4. Буюмдук далилдерди сактоо камерасы текчелер, металл шкафтар, күзөт жана өрткө каршы сигнализация, тартып киргизүүчү-чыгаруучу желдетүү, өрт өчүрүүчү каражаттар, ошондой эле бекитме түзүлмөсү бар металлдан жасалган же металл капталган эшик менен жабдылат. Сактоочу жайда терезе болсо ага решетка орнотулат.
5. Буюмдук далилдерди сактоо үчүн мындай жайды бөлүп берүүгө мүмкүн болбосо, ушул Нускамага ылайык буюмдук далилдердин сакталышын жана талаптагыдай сактоо шартын камсыздай турган атайын сактагыч - мөөр басылуучу металл шкаф же жетиштүү өлчөмдөгү сейф менен жабдылат (мындан ары - атайын сактоочу жайда).
6. Эгерде өтө көлөмдүү болгондугуна же башка себептерге байланыштуу буюмдук далилдерди иште сактоого мүмкүн болбосо, алар фото же видео каражаттарына тартылып, мөөр басылып, ыйгарым укуктуу адамдын белгилеген жеринде сакталышы керек. Укук бузуулар жөнүндө ишке буюмдук далилдин үлгүсү, бузуулар жөнүндө иштеги анын турган жери жөнүндө тийиштүү маалым кат тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Тез бузулуучу буюмдук далилдер фото, видео жазуу түзүлмөлөрүнө тартылат жана акты түзүлгөндөн кийин сактоого же болбосо пайдаланууга ээсине кайтарылып берилет. Актыда милдеттүү түрдө буюмдук далилдердин тизмеги, алардын саны жана/же өлчөмү, ошондой эле документ менен ырасталган болжолдуу баасы көрсөтүлөт.