Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-августу № 131
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык.";
- ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда 3-тиркеме менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:
- 4-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктунун экинчи абзацындагы "А.Токтоналиев көчөсү 2/1" деген сөздөр "Манас проспекти, 101/1, Жумабек көчөсү, 203/1" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Министрликтин ишинин максаты болуп Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу, өрт коопсуздугунун ченемдерин жана талаптарын сактоонун камсыздалышына мамлекеттик көзөмөлдөөнү жана контролдоону ишке ашыруу, мамлекеттик материалдык резерв тутумунун туруктуу иштешин камсыздоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу саналат.";