Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 21-июну № 39
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү боюнча чаралар жөнүндө
Орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, мамлекеттик финансылык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун камсыздоо максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43 жана 44-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бир студентке эсептегенде бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери (мындан ары - Типтүү ченемдер) 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо шарттарында түзүүнүн жана аткаруунун тартиби 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдары ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү ченемдерге, студенттердин санына ылайык аныкталат жана экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрбөстөн бирдиктүү берене менен бекитиле тургандыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин штаттык санын ченемдик каржылоо шарттарында түзүү студенттердин санына жана ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү ченемдерге ылайык эсептелип бекитилген бюджеттин чегинде жүргүзүлө тургандыгы;
3) ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү ченемдер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоонун шарттары өзгөргөн учурда кайрадан каралат, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен биргеликте эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитиле тургандыгы;
4) ченемдик каржылоо шарттарында иштеген, өз алдынча бухгалтериялары жок Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку окуу жайларынын алдындагы орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык-чарбалык ишин өз алдынча жүргүзүүгө же жогорку окуу жайлардын бухгалтериясы тарабынан тейленүүгө укуктуу экендиги;
5) ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо шарттарында түзүүнүн жана аткаруунун тартиби 2022-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизиле тургандыгы.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ченемдик каржылоого өткөрүлгөн орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерине төмөнкү укуктар берилсин: