Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 10-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө ЖОБО (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык) 1. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык) 2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик жер жана суу инспекциясынын укук улантуучусу болуп саналат. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык) 3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) чечимдерин жана башка актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык) 4. Кызмат мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары бар. Кызматтын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "А". (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык) 5. Кызматтын расмий аталышы: |