Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 7-мартындагы № 98
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 16-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине (мындан ары - Министрлик) караштуу Органикалык айыл чарба департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, экологиялык таза органикалык айыл чарба азыктарын өндүрүүнү жогорулатуу жана өркүндөтүлгөн агробиотехнологияларды жана органикалык айыл чарба технологияларын колдонууну көбөйтүү боюнча Министрликтин ведомстволук уюму жана органикалык айыл чарба өндүрүшү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Департамент өз ишин Министрликтин башка түзүмдүк бөлүктөрү, ошондой эле министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун тийиштүү бөлүктөрү, коомдук жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
5. Департамент Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү бар, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Казыналык системасында өз алдынча балансы, алыш-бериш жана башка эсептери бар, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү мамлекеттик жана расмий тилдердеги бланктары жана башка атрибуттары бар юридикалык жак болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Департамент уюштуруучулук-укуктук формасы боюнча мамлекеттик мекеме болуп эсептелет, Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналышат.
Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти";