Сравнение редакций…
|
| 18-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) машина-трактордук паркты модернизациялоо жана жаңылоо, айыл чарба өндүрүшүнүн жана айыл чарбасынын кайра иштетүү тармагынын механизациялоо деңгээлин жана техникалык потенциалын жогорулатуу, агрардык тармактын бардык секторлору боюнча энергиянын ресурстарды үнөмдөөчү жаңы булактарын жана инновациялык технологияларды киргизүү, айыл чарба кооперативдерин түзүү боюнча, ошондой эле айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө техникаларды жана жабдууларды берүү боюнча лизингдик кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу жаатындагы иштерди аткаруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл , суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаментинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Департамент юридикалык жак болуп саналат, республикалык бюджеттен каржыланат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, штампы, мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык бланктары, казыналык системасында атайын жана башка эсептери бар.
5. Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: государственное учреждение "Департамент механизации, инновационных технологий и кооперации сельского хозяйства при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "МИТАЧКД" - Механизация департаменти;
- расмий тилде: "ДМИТКСХ" - Департамент механизации.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Департаменттин юридикалык дареги: 720040, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 А.
2. Департаменттин ишинин максаттары
7. Департаменттин ишинин максаттары болуп айыл чарба өндүрүшүн механизациялоо, жаңы инновациялык технологияларды киргизүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле айыл чарба техникасынын, кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарбасын кооперациялоо үчүн машиналардын жана жабдуулардын лизингин өнүктүрүү болуп саналат.
3. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- республиканын айыл чарбасынын техникалык потенциалын жогорулатуу жана негизги каражаттар (айыл чарба техникасы, машиналар жана жабдуулар) менен жаңылоо боюнча иштерди уюштуруу;
- ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн айыл чарба техникасы жана инновациялык технологиялар жаатындагы илимдин жана техниканын жаңы жетишкендиктерине жетүүсүн камсыз кылуу;
- лизингдик жеткирүүлөрдү киргизүү жана пайдалануу менен айыл чарба субъекттеринин зарыл болгон айыл чарба техникасына керектөөлөрүн канааттандыруу максатында тышкы жана ички инвестицияларды тартуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу;
- айыл чарба субъекттерин айыл чарба техникасы, айыл чарбасын энергия менен камсыз кылуу жана айыл чарбасында колдонулуучу заманбап инновациялык технологиялар жаатындагы жаңы иштеп чыгуулар жөнүндө маалыматтар жана консультациялар менен камсыз кылуу;
- региондордо машина-трактордук станцияларды жана техникалык сервистик, анын ичинде ведомстволук кызмат көрсөтүү субъекттерин түзүү боюнча иштерди уюштуруу;
- техниканы пайдалануу жана башкаруу боюнча инженердик-техникалык жана механизатордук адистерди даярдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу.
4. Департаменттин функциялары
9. Департаменттин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- айыл чарба өндүрүшүн механизациялоо деңгээлин, машина-трактордук парктын абалын, кайра иштетүү тармагынын технологиялык машиналар жана жабдуулар менен жабдылышынын деңгээлин изилдейт жана Министрликке тармакты өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизет;
- төмөнкүлөр боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизет:
кооперацияларды, мамлекеттик лизингдик программаларды, лизингдик кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча долбоорлорду өнүктүрүү боюнча мыйзамдык базаны, ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча жана айыл чарба коопертивдерин, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү тейлөөчү техникалык сервистик кызмат көрсөтүү субъекттерин жана машина-трактордук станцияларды түзүү боюнча иштерди уюштурат;
айыл чарба субъекттерин айыл чарба техникасы жана кайра иштетүү ишканаларын машиналар жана жабдуулар менен камсыздоонун мамлекеттик программаларынын системасын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча;
айыл чарба субъекттеринин зарыл болгон техникага керектөөлөрүн аныктоо боюнча, айыл чарба техникасын, машиналарды, жабдууларды жана алардын тетиктерин жана запастык бөлүктөрүн чыгарууга жана жабдууга көмөк көрсөтөт;
жаңы сериядагы же кайра жабдылган жана жаңы кураштырылган айыл чарба машиналарын, чиркегичтерди жана жабдууларды жасоого жана чыгарууга даярдык көрүүдөгү техникалык регламенттерди, стандарттарды жана эрежелер жыйнагын иштеп чыгууну аныктоо жана киргизүү боюнча;
машиналардын конструкцияларын, коргоочу түзүлүштөрүн, механизмдерин жана агрегаттарын өркүндөтүү жана өзгөртүү боюнча;
Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча;
2) мониторинг функциялары:
- айыл чарбасынын машина-трактордук паркынын, кайра иштетүү ишканаларынын машиналарынын жана жабдууларынын техникалык абалына, пайдаланылышына жана керектөөлөрүнө мониторинг жүргүзөт, сунуштарды иштеп чыгат, киргизет жана зарыл болгон иш-чараларды уюштурат;
3) кызматтарды көрсөтүү функциялары:
- тракторлорду жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу жана пайдалануу боюнча тиешелүү окуудан өткөн адамдардан квалификациялык экзамендерди алат;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;
4) колдоо функциялары:
- айыл чарбасын кооперациялоону өнүктүрүү, лизингдик кызматтарды көрсөтүү жана айыл чарбасын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча иштерди уюштурат, талдоо жүргүзөт, айыл чарба техникасын пайдалануу, тейлөө, оңдоо жана сактоо боюнча жаңы инновациялык технологияларды киргизет;
- агрардык өндүрүштүн механизатордук жана инженердик-техникалык адистерин даярдоонун деңгээлин жана сапатын жогорулатуу боюнча иштерди уюштурат;
- республикада айыл чарба өсүмдүктөрүн багып өстүрүүнүн бирдиктүү технологиялык системасы боюнча республиканын машина-трактордук паркын жаңылоо, анын ичинде заманбап тракторлорду, комбайндарды, кыртышты иштетүүчү жана себүүчү машиналарды жеткирүү иштерин уюштурат;
- айыл чарбасын кооперациялоо, механизациялоо, техникалык сервистик субъекттерди түзүү жана техниканын лизингин өнүктүрүү маселелерин чечүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык түзүмдөрдүн жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен иш-чараларды уюштурат;
- агрардык сектордо жана кайра иштетүү тармагында инновациялык технологияларды жайылтууга жана ишке киргизүүгө көмөк көрсөтөт;
- айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү машиналар жана жабдуулар, ошондой эле агрардык өндүрүштүн жаңы технологиялары боюнча окууларды, семинарларды, тренингдерди, көргөзмөлөрдү уюштурат.
5. Департаменттин укуктары
10. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- юридикалык жактар, техника чыгаруучулар менен республикага техникаларды, машиналарды жана жабдууларды жеткирүү боюнча изилдөөлөрдү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
- окуу мекемелеринин билим берүү процессин камсыз кылуучу технологиялык жабдуу, адабият, методикалык окуу куралдар, техника менен жабдылышынын деңгээлин текшерүү боюнча эксперттик комиссияларды түзүүгө жана ишине катышууга;
- машиналарды жана жабдууларды пайдаланууга жана алардын техникалык абалына карата талаптарды камтыган техникалык регламенттерди жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча комиссиялардын курамына катышууга;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан милдеттүү түрдө аткарыла турган буйруктарды белгиленген тартиптеги чыгарууга жана көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- Департаменттин максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;
- менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттерден айыл чарба техникалары тууралуу зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартиптеги суроого;
- транспорт каражаттарын каттоо жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдан айыл чарба техникаларынын саны жана аталышы тууралуу маалыматты электрондук маалымат базасынан сурап алууга;
- жаңы чыгарылган, кайра жабдылган же өз алдынча жасалган машиналарды жана жабдууларды кабыл алуу жана сыноо боюнча мамлекеттик жана жумушчу комиссиялардын ишине катышууга;
- айыл чарба техникасын пайдалануу, жөндөө жана оңдоо маселелери боюнча маалыматтык бюллетендерди, методикалык сунуштарды жана башка материалдарды чыгарууга;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу илимдин жана техниканын жетишкендиктерин чагылдырууга, пайдалануу эрежелерин бузуулар, жол-транспорттук кырсыктар жана башка маселелер жөнүндө маалыматтарды жарыялоого.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
11. Департаментти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Департаментте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык менен министр тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директордун орун басарынын кызмат орду каралган.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Департаменттин борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык Департаменттин директору тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматынан бошотулушат.
14. Департаменттин директору жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- Департаментти жетектейт;
- борбордук аппараттын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин координациялайт жана контролдойт;
- Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин белгилейт, бөлүштүрөт жана бекитет;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Департаменттин кызматкерлерине көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерет;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чечимдерин контролдойт жана эгер алар тарабынан ченемдик укуктук актылардын, нускамалардын жана иш эрежелеринин бузулгандыгы аныкталса жокко чыгарат;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча бардык уюмдарда жана мекемелерде Департаменттин атынан чыгат;
- Департаменттин бекитилген түзүмүнүн, эмгек акы төлөө фондусунун жана адистеринин санынын чегинде чыгымдардын сметасын жана штаттык расписаниесин Министрликке бекитүүгө сунуштайт;
- Департаменттин финансы, жүгүртүү жана негизги каражаттарын белгиленген тартипте тескейт;
- белгиленген тартипте башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
7. Департаментти каржылоо
15. Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, атайын эсептерде топтолгон каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
16. Департамент ыкчам башкаруу укугунда белгиленген тартипте өткөрүп берилген мамлекеттик имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, инвентарларды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык пайдаланат.
8. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
17. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Департаменттин иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 7-мартындагы № 98
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 18-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти жөнүндө ЖОБО