Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 7-мартындагы № 98
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 26-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун (мындан ары - Институт) ишин жөнгө салат, анын милдеттерин, функцияларын жана иш тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Институт Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун укук улантуучусу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Институт Кыргыз Республикасынын дыйканчылык, жер кыртышын изилдөө, агрохимия жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк жаатындагы жогорку илимий-изилдөө жана өндүрүштүк мекеме болуп эсептелет.
4. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Институт мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасындагы алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары бар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Институттун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу "Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту" мамлекеттик мекемеси;