Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 7-мартындагы № 98

токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

28-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту жөнүндө ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун (мындан ары - Институт) ишин жөнгө салат, анын милдеттерин, функцияларын жана иш тартибин аныктайт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Институт Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун укук улантуучусу болуп саналат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Институт Кыргыз Республикасында мал чарба жана жайыт жаатындагы жогорку илимий-изилдөө жана өндүрүштүк мекеме болуп эсептелет.

4. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Институт мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары бар.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Институттун расмий аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту";