Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-октябрындагы № 224 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
караштуу “Инфосистемс” мамлекеттик ишканасынын
уставы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-июлундагы № 407, 2026-жылдын 12-февралындагы N 94 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу “Инфосистемс” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – “Инфосистемс” МИ) мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
2. “Инфосистемс” МИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, жамааттык келишимди, “Инфосистемс” МИнин локалдык актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Устав “Инфосистемс” МИнин уюштуруу документи болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Инфосистемс” МИнин уюштуруучусу болуп саналат.
4. Министрлик “Инфосистемс” МИнин мамлекеттик башкаруу органы болуп эсептелет.
5. “Инфосистемс” МИнин өзүнүн фирмалык аталышы бар:
1) мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу “Инфосистемс” мамлекеттик ишканасы”;
2) расмий тилде: “Государственное предприятие “Инфосистемс” при Министерстве финансов Кыргызской Республики;
3) англис тилинде: “The State Enterprise “Infosystems” under the Ministry of Finance of the Kyrgyz Republic”.
4) кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Инфосистемс” МИ ;
- расмий тилде: ГП “Инфосистемс”;
- англис тилде: SE “Infosystems”.
6. “Инфосистемс” МИ толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, өз алдынча баланска ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, бланктары, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган башка атрибуттары бар, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
7. “Инфосистемс” МИ мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантияны) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.