Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 6-ноябры № 242
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223, 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231, 2022-жылдын 20-майындагы № 266, 2022-жылдын 12-июлундагы № 381, 2022-жылдын 22-июлундагы № 392, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:
1) тиешелүү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бөлүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги;
2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине бөлүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин карамагына төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
1) тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен төмөнкү функциялар:
инвестициялар чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу;
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын банкроттугу чөйрөсүндөгү саясатты кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук жана анын алдын алуу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүргүзүү үчүн өзгөчө (атайын) режими бар эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
2) тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, мында ал Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд деп кайра аталсын;
3) тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департамент, мында ал Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департамент деп кайра аталсын;
4) тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси, мында ал Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси деп кайра аталсын.