Документке
Мурунку12.12.2023

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМУ

2021-жылдын 15-ноябры № 247

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтомдун 1 жана 2-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтомду ишке ашыруу бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасынын башкаруу СХЕМАСЫ

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Жаңы13.12.2023

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМУ

2021-жылдын 15-ноябры № 247

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)