Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 15-ноябры № 251

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 151, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 247, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189, 2023-жылдын 23-майындагы № 270, 2023-жылдын 24-июлундагы № 367, 2023-жылдын 28-августундагы № 439, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2024-жылдын 24-июнундагы № 326, 2024-жылдын 31-июлундагы № 440, 2024-жылдын 5-августундагы № 456 ,  2024-жылдын 2-декабрындагы № 719, 2025-жылдын 25-февралындагы № 87, 2025-жылдын 27-мартындагы № 158,  2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210

 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;

3) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 247 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 247 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтомдун 1 жана 2-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.