Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 токтому менен бекитилди)
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-апрелиндеги № 247
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
6-тиркеме
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу “Кыргыз туризм”
мамлекеттик ишканасынын уставы
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу “Кыргыз туризм мамлекеттик ишканасы (мындан ары − Ишкана) мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, мамлекеттик мүлк менен чарба жүргүзүү укугуна негизделген өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
2. Ишкана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары – башкаруучу орган) эсептелет.
5. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын тармактык актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
6. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
− мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы”;
− расмий тилде: “Государственное предприятие “Кыргыз туризм” при Министерстве культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики”.
7. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
− мамлекеттик тилде: “Кыргыз туризм” МИ”;