Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 421, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 534, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 179, 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566, 2024-жылдын 3-июлундагы № 351, 2025-жылдын 26-мартындагы № 155, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 759, 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги (мындан ары - Министрлик) отун-энергетикалык комплекси жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды ишке ашыруучу, ошондой эле энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Министрлик отун-энергетикалык комплекси жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функциялар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана Казыналык системасында эсептери бар.
5. Министрлик өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы болуп чыгууга укуктуу.
6. Министрликтин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство энергетики Кыргызской Республики".
Министрликтин кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ЭМ";
- расмий тилде: "МЭ".
Юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 326.
Уюштуруу-укуктук формасы: мекеме.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 155 токтомунун редакциясына ылайык)