Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) кооптуу табигый жана техногендик процесстерге мониторинг жүргүзүү, божомолдоо жаатындагы ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет жана ага бекитилген мүлккө оперативдүү башкарууну ишке ашырат, Казыналык системасында эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары бар.
4. Департаменттин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
Департаментти камсыздоого чыгымдарды каржылоо тиешелүү жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Департаменттин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти";
- расмий тилде: "Департамент мониторинга, прогнозирования чрезвычайных ситуаций при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Департаменттин юридикалык дареги: 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 101/1, Жумабек көчөсү, 203/1.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департаменттин максаттары
7. Департаменттин негизги максаттары болуп калкты жана аймактарды кооптуу табигый жана техногендик процесстерден коргоого багытталган өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо, алдын алуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу саналат.
3. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- калкты жана аймактарды кооптуу табигый жана техногендик процесстерден коргоого багытталган өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо, алдын алуу;
- калкты жана аймактарды коргоону камсыздоо үчүн табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы кооптуу табигый процесстер менен кубулуштардын өрчүүсүнүн жана активдешүүсүнүн божомолдорун иштеп чыгуу.
4. Департаменттин функциялары
9. Департамент жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) жөнгө салуу функцияларын:
- кооптуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзүү, божомолдоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышат;
- кызыкдар уюмдар менен бирдикте өзгөчө кырдаалдарда адамдардын өмүрү менен ден соолугун, материалдык жана маданий баалуулуктарды коргоо, ошондой эле экономиканын тармактарынын иштөөсүнүн туруктуулугун жогорулатуу максатында илимий-изилдөө жана долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүүнү уюштурат;
- Министрлик тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жүргүзүлүүчү алдын алуу, коргоо жана авариялык-калыбына келтирүү иш-чаралары боюнча сунуштарды даярдоого катышат;
- долбоордук-изилдөө, илимий-изилдөө, курулуш уюмдары менен өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо, алдын алуу жана кесепеттерин жоюу менен байланышкан иштерди аткаруу жөнүндө келишимдерди түзөт, ошондой эле аталган органдар менен бирдикте алардын аткарылышын уюштурат;
- тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү үчүн кооптуу табигый процесстердин жана кубулуштардын активдешүүсүнүн мүмкүндүгүнө мониторинг жүргүзөт жана алар боюнча корутунду, кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү божомолдорду берет;
- кооптуу табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга кабылышы ыктымал болгон конкреттүү участоктордо геомаалыматтык системаларды колдонуп, андан ары тыянактарды жана корутундуларды чыгаруу менен комплекстүү инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштурат;
- илимий-изилдөө иштеринин пландарын иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Министрликке бекитүүгө берет жана кооптуу табигый процесстердин алдын алуу жана жоюу боюнча иштердин пландарын түзүүдө сунуштарды киргизет;
- конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды өткөрүү жолу менен өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жаатындагы билимдерди пропагандалайт жана жайылтат;
- кооптуу табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга кабылышы ыктымал болгон участоктордо илимий-изилдөө, долбоордук-изилдөө жана алдын алуу иштерин жүргүзүү, ошондой эле болжолдуу материалдарды даярдоо жана чыгаруу үчүн товарларды жеткирүүгө, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө, белгиленген тартипте мамлекеттик сатып алууларды жүргүзөт;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга жана уюмдарга өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо, кооптуу жана табигый процесстер менен кубулуштарга туш болгон участоктордон калкты жана объекттерди көчүрүү боюнча биринчи кезектеги алдын алуу иштерин аткаруу жөнүндө аткаруу үчүн милдеттүү болгон жазма буйруктарды берет;
2) координациялоо функцияларын:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу коргоочу курулмаларды куруу жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринин пландарын түзүүдө сунуштарды даярдоого катышат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу табигый жана техногендик процесстер менен кубулуштарды изилдөө маселелери боюнча иштеген уюмдардын, анын ичинен илимий-изилдөө жана долбоордук-изилдөө уюмдарынын ишин координациялайт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо чөйрөсүндө эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- кооптуу табигый жана техногендик процесстерге мониторинг жүргүзүү бөлүгүндө Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт;
- Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүлөрүн уюштурат жана координациялайт;
3) колдоо функцияларын:
- кызматкерлерди өзгөчө кырдаалдардын зоналарында иштөөдө, кооптуу табигый жана техногендик процесстер менен кубулуштарды изилдөөдө күтүүсүз кырсыктардан жана каза болуудан камсыздандырууну жүргүзөт;
- табигый жана техногендик коркунучтарга комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системасынын иштешин уюштурат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)