Загрузка документа…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (мындан ары - Министрлик) караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти (мындан ары - Департамент) Министрликтин Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган инженердик-коргоочу курулмаларды куруу жаатындагы ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департаменттин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
4. Департаменттин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти";
- расмий тилде: "Департамент капитального строительства no предупреждению и ликвидации чрезвычайных ситуаций Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
5. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет жана ага бекитилген мүлккө оперативдүү башкарууну ишке ашырат, банк мекемелеринде эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары бар.
Департаментти күтүүгө чыгымдарды каржылоо тийиштүү жылга республикалык бюджетте Министрлик үчүн каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Департаменттин юридикалык дареги: 723510, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Р.Муминова көчөсү, 11.
2. Департаменттин милдеттери
7. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жарандык коргонуу жаатында калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү уюштуруу;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы курулуш жана оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин мамлекеттик программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
3. Департаменттин функциялары