Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

8-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 , 2025-жылдын 5-августундагы № 467,  2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат (мындан ары - ӨКК) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү талаптарды сактоо маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.

2. ӨКК өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. ӨКК юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары жана бланктары, ошондой эле Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.

4. ӨКК өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен өз ара аракеттенип жүргүзөт.

5. ӨККнын толук аталышы:

1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат";

2) расмий тилде: "Служба по пожарному надзору при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)

6. ӨККнын юридикалык дареги: 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, Жумабек көчөсү, 203/1.

2. ӨККнын максаттары жана милдеттери

7. ӨККнын ишинин максаты өрт коопсуздугунун ченемдеринин жана талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруу.

8. ӨККнын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- коргоо объектилерине карата өрт коопсуздугунун ченемдик укуктук актыларынын, техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу.

3. ӨККнын функциялары

9. ӨКК белгиленген иш чөйрөсүндө төмөнкүдөй функцияларды аткарат: