Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 15-ноябры № 264

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 351, 2022-жылдын 27-январындагы № 22, 2022-жылдын 11-мартындагы № 134, 2022-жылдын 22-мартындагы № 144, 2022-жылдын 22-мартындагы № 149, 2022-жылдын 30-мартындагы № 172, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 209, 2022-жылдын 20-майындагы № 257, 2022-жылдын 20-майындагы № 280, 2022-жылдын 30-майындагы № 282, 2022-жылдын 31-майындагы № 293, 2022-жылдын 12-июлундагы № 382, 2022-жылдын 22-июлундагы № 392, 2022-жылдын 1-августундагы № 422, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 490, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498, 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 525, 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557, 2022-жылдын 18-октябрындагы № 575, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702, 2022-жылдын 30-декабрындагы № 721, 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2023-жылдын 21-январындагы № 31, 2023-жылдын 16-февралындагы № 76, 2023-жылдын 22-февралындагы № 93, 2023-жылдын 28-февралындагы № 100, 2023-жылдын 22-мартындагы № 154, 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 180, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189, 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 208, 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 214, 2023-жылдын 15-майындагы № 251, 2023-жылдын 16-майындагы № 262, 2023-жылдын 16-майындагы № 263, 2023-жылдын 29-майындагы № 291, 2023-жылдын 23-июнундагы № 320, 2023-жылдын 5-июлундагы № 338, 2023-жылдын 12-июлундагы № 358, 2023-жылдын 24-июлундагы № 366, 2023-жылдын 23-августундагы № 425, 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 442, 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497, 2023-жылдын 19-октябрындагы № 552, 2023-жылдын 19-октябрындагы № 556, 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566, 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 587, 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 590, 2023-жылдын 4-декабрындагы № 636, 2023-жылдын 21-декабрындагы № 683, 2023-жылдын 22-декабрындагы № 696, 2023-жылдын 26-декабрындагы № 709 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 3-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагындагы башка уюмдардын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жана борбордук органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги 2-тиркемеге ылайык;

3) мамлекеттик органдардын башкаруучу түзүмдөрүнүн штаттык бирдиктеринин минималдуу ченеми 3-тиркемеге ылайык;

4) мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызмат орундарынын ченемдик түзүмү 4-тиркемеге ылайык;

5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын, ошондой эле мамлекеттик органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарларынын санынын чеги 5-тиркемеге ылайык;

6) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтомдун 3, 4-тиркемелери Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата колдонулары белгиленсин.

3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик башкаруу органдарынын юридикалык жактын статусу бар ведомстволук бөлүмдөрү жана мамлекеттик ишканалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тийиштүү чечимдерин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен түзүлө тургандыгы белгиленсин.