Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 15-ноябры № 255

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 (КР Министрлер Кабинетинин , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жанан коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо:

- 16-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- 17-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы министрдин сунушу жок министрдин орун басарларын бошотууга укуктуу. Министр жок учурда анын милдеттерин аткаруу министрдин орун басарларынын бирине жүктөлөт.”;

- 19-пунктундагы "статс-катчы," деген сөз алып салынсын;

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 (КР Министрлер Кабинетинин , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Төрага

А.У. Жапаров

 

Тиркеме

“2-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу

схемасы

”