Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 252, 2023-жылдын 6-июлундагы № 339, 2024-жылдын 22-августундагы № 493, 2025-жылдын 18-августундагы № 501, 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 731 , 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
2. Агенттик Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү функциялар боюнча) укук улантуучусу болуп саналат.
3. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Агенттик юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү бар.
5. Агенттиктин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик";
- расмий тилде: "Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
Агенттиктин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик";
- расмий тилде: "Агентство по госслужбе и МСУ".
6. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 122.
2. Агенттиктин милдеттери
7. Агенттиктин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү;