Загрузка документа…
| 1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык
камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392, 2023-жылдын 21-январындагы № 27, 2023-жылдын 13-июнундагы № 296, 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 670, 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748, 2026-жылдын 5-февралындагы № 63, 2026-жылдын 9-мартындагы № 165, 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары – Министрлик) төмөнкү чөйрөдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат:
– эмгек, анын ичинен эмгекти коргоо жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү маселелери;
– калкты социалдык коргоо, анын ичинде жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды (мындан ары – ДМЧА) жана улгайган жарандарды колдоо;
– социалдык камсыздоо жана гендердик теңчилик;
– үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо;
– миграция, анын ичинен иммигранттардын, этностук кыргыздардын жана качкындардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын алкагында адам сатуунун курмандыктары маселелери.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик өз ишин башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар жана мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
4. Министрлик юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү бар.
Министрликтин толук расмий аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги»;
– расмий тилде: «Министерство труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики».
Министрликтин кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: «КР ЭСКММ»;