Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 2-декабры № 287
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 515 “Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция ишин координациялоо боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттик дирекциянын штаттык саны 6 бирдик санында 3-тиркемеге ылайык;
2) Мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү 4-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборунун аймагында объектилердин курулушу инвесторлордун каражаттарынын эсебинен, анын ичинде чет элдик, эл аралык гранттардын, техникалык көмөк көрсөтүү каражаттарынын, кайрымдуулук жардамдардын, кредиттердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылышы;
- чечимдер уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда, уюштуруу комитетинин төрагасынын добушунун чечүүчү болуп эсептелеши;
- уюштуруу комитетинин чечимдеринин протоколдор менен таризделиши;
- уюштуруу комитетинин:
Мамлекеттик дирекциянын ишин координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырышы;
мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборунун аймагын курулуш иштерин жүргүзүү үчүн даярдоого жооптуу чарбалык субъекттердин ишин координациялашы;
- Мамлекеттик дирекциянын кызматкерлерине эмгек өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолугун чыңдоого жөлөкпул төлөнүп бериле тургандыгы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик дирекция жана “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасы продукциянын үзгүлтүксүз чыгарылышын камсыз кылсын.
5. Уюштуруу комитетине белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укук берилсин:
- тийиштүү мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин адистерин зарыл болгон учурда ишке тартууга, коюлган милдеттерди чечүү үчүн эксперттик (жумушчу) топторду түзүүгө;
- "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашырууга байланыштуу сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүүгө;
- Мамлекеттик дирекциянын "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын өзүнүн чечимдери менен бекитүүгө.
Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Укуктук Маалыматтардын Борборлоштурулган Банкынын эскертүүсү: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтому менен каралган өзгөртүүлөр керектүү сөздөр жок болгондуктан киргизилген жок
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине уюштуруу комитетинин ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу жүктөлсүн.
7. Мамлекеттик дирекция белгиленген тартипте:
– юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;
– ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу-техникалык жана башка чараларды көрсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 139 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 2-декабры № 287