Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-декабрындагы № 286 «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 1-декабры № 286
“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Төрага | А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1)преамбуласындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-беренесинде:
- түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- “болжолдонуучу” деген сөз “пландуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүгүндө:
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) бюджет ресурстарынын администратору - салыктык кирешелерди, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан белгиленген тартипте алынуучу бажы төлөмдөрүн, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин салыктык эмес кирешелерин (ресурстарын) чегерүү, жыйноо, эсепке алуу жана туура эсептелишин, толук жана өз убагында төлөнүшүн контролдоо боюнча бир же жыйынды иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле анын түзүмдүк, ведомстволук караштуулуктагы бөлүкчөлөрү;”;
4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 381-пункт менен толукталсын:
“381) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу - максаттуу багыттарды жана болжолдонуучу негизги көрсөткүчтөрдү чагылдыруу менен келерки мезгилге Кыргыз Республикасын социалдык - экономикалык өнүктүрүүнүн багыттары, критерийлери, принциптери, максаттары жана артыкчылыктары жөнүндө илимий негизделген түшүнүктөрдүн тутуму;”;
төмөнкүдөй мазмундагы 401-пункт менен толукталсын: