Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 6-декабры № 294

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомунун редакциясына ылайык)

Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 246 "Ысык-Көл курорттук-туристтик районунда жер пайдаланууну, курулуш курууну, көрктөндүрүүнү тартипке салуу жана табигый чөйрөнүн корголушун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-пункту күчүн жоготту деп табылсын;

2) 7-пунктундагы "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун" деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 "Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо:

1) төмөнкүдөй мазмундагы 42-пункт менен толукталсын:

"42. Кыймылсыз мүлк бирдигинин дареги өзгөргөндө, адис техникалык паспорттун төмөнкү оң бурчуна өзгөрүү датасын көрсөтүү менен даректин өзгөргөндүгү жөнүндө жазуу жүргүзөт.";

2) 19-пунктунда:

- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Турак жай аянты - турак бөлмөлөрдүн аянттарынын суммасы.";

- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:

"Турак жайдын жалпы аянты - балкондорду, лоджияларды, верандаларды жана террасаларды кошпогондо, турак жайдын турак жана турак эмес аянттарынын суммасы.

Курулуштардын аянттарын эсептөө курулуштун абриси боюнча жүргүзүлөт. Эсептөөдө түздөн-түз ченөө учурунда алынган чоңдуктарды пайдалануу керек, эсептөөлөр бир ондук белгиге чейинки тактыкта жүргүзүлөт.";

3) 48, 49-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: