Загрузка документа…
5-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана
коммерция министрлигине караштуу
Банкроттук иштер боюнча департамент жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаментинин (мындан ары – Департамент) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Департамент:
1) Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаментинин укугун улантуучу болуп саналат.
2) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган банктардын жана башка финансылык-кредиттик уюмдардын банкроттугу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырууну кошпогондо, Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык банкроттук жана анын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, ошондой эле банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруу шарттарын камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
3. Департамент өзү ишинде түздөн-түз Министрликке отчёт берет.
4. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент ушул Жобо менен аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенет.
6. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, банктарда жана казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
Департаменттин уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Департаменттин толук фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департамент»;
2) расмий тилде: «Департамент по делам банкротства при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики».
8. Департаменттин кыскартылган фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: «Банкроттук иштер боюнча департамент»;