| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 136 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 16-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 токтомуна) "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтомунун редакциясына ылайык) 1. Жалпы жоболор 1. "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет. 2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын уюштуруучусу болуп саналат. Устав Ишкананын уюштуруу документи болуп саналат. 3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (мындан ары - Министрлик) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат. 4. Ишкана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат. 5. Ишкананын толук фирмалык аталышы: - мамлекеттик тилде: "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасы"; - расмий тилде: "Государственное предприятие "Бишкекский штамповочный завод". (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтомунун редакциясына ылайык) 6. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы: - мамлекеттик тилде: "БШЗ" МИ"; |