Сравнение редакций…
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө
Жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 347, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 , 2024-жылдын 28-августундагы № 531, 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 195 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (мындан ары – МБК) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. МБК Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укук улантуучусу болуп эсептелет.
3. МБК Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмүнүн статусунда иштеген, Кыргыз Республикасында бажы ишине түздөн-түз жетекчилик кылган жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларына жана аскерлештирилген укук коргоо органынын статусуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. МБК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
41. МБК Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялар (үлүштөр) бар чарбалык коомдордо уюштуруучунун, акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
5. МБК өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
6. МБК юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ачылган эсептери бар.