Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-декабры № 327
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
1) «Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында» III бөлүмүндө:
- 19-главасы (Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринен Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алуу (2006-жылдагы үлгүсү) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 22-главасы (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн мекенине кайтып келүүгө күбөлүк берүү) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 27-главасы (Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарандык абалдын актыларын жазууну каттоо: никеге турууну каттоо жана никеге тургандыгы тууралуу күбөлүктү берүү; соттон тышкаркы тартипте ажырашуу жана ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк берүү (тараптардын ар бирине); фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу материалды каттоо жана тариздөө; туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берүү) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда 36-глава менен толукталсын;
- ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда 48-глава менен толукталсын;
2) «Маалымат берүү тармагында» V бөлүмүндө:
- 16-главасы (5 бетке чейинки көлөмдөгү документтерди суратып алдыруу) ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
1-тиркеме
« | ||
47. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасын-паспортун (ID-карта) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 15-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылгандар жана 16 жашка чыга элек адамдар. Эскертүү. 16 жашка чыга элек, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам паспорт алууда (алмаштырууда) арыз-анкетага анын мыйзамдуу өкүлү кол коёт |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 725 «Кыргыз Республикасынын Консулдук уставын бекитүү жөнүндө»; - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө»; - 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө»; - 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 «Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө»; - 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 «Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы натыйжасы | Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө жана консулдук мекемесинде Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасын –паспортун (ID-карта) берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары – ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолсуз кирүү камсыздалган, бул объекттер пандус, кармоочтор менен жабдылган; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга чектелген убакыт – 30 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү, кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасын кошо алганда – кызмат көрсөтүүнү алууга берилген арызды каттоо күнүнөн тартып эки айга чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө бөлүнгөн убакыт – 30 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызматты керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mfa.gov.kg сайтынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жеке кайрылууда; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында: www.mfa.gov.kg жайгаштырылат. |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында: www.mfa.gov.kg; - дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде жайгаштырылган маалымат такталарында, буклеттерде; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышууда; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы аркылуу |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде кызматты көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат табличкалары жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкү документтер сунушталат: - анкета-арыз, ал Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин жооптуу кызматкери тарабынан «Паспорт» АМТ аркылуу толтурулат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү тастыктоочу дүмүрчөктөр (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алымды төлөшпөйт). Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге толуктоо катары төмөнкү документтер берилет: 1) адам 16 жашка толгондо: - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу акт жазуусунан көчүрмө – КБМРде маалыматтар жок болгон учурда; - ата-энесинин (камкорчу/ көзөмөлчү) же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болгон учурда) паспорттору арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн же болбосо жалпы жарандык паспорту (бар болсо) – КБМРде маалыматтар жок болгон учурда; - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү тууралуу өтүнүч – камкорчу/ көзөмөлчү катары чыгып жаткан юридикалык жактар үчүн; 2) адам өз убагында документтештирилбеген учурда (ал 18 жашка толсо же андан улуу куракта болсо): - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу акт жазуусунан көчүрмө – КБМРде маалыматтар жок болгон учурда; - арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө корутунду же болбосо жалпы жарандык паспорту (бар болсо); 3) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырууда: - алмаштырылууга тийиш болгон паспорт; 4) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алмаштырууда: а) паспорттун жарактуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу же болбосо арыз ээсинин каалоосу боюнча: - алмаштырылууга тийиш болгон паспорт; б) жеке маалыматтарын өзгөртүүгө же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунда жаңылыш жүргүзүлгөн жазуулар табылгандыгына байланыштуу: - алмаштырылууга тийиш болгон паспорт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөн учурда), никеге туруусу же никесин бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турууда же никесин бузууда), күйөөсүнүн (аялынын) өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (күйөөсү (аялы) каза болгон учурда) же акт жазуусунан көчүрмө – КБМРде маалыматтар жок болгон учурда же болбосо мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 формасы жок болгон учурда; 5) 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын паспортун алмаштырууда: - алмаштырылууга тийиш болгон 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын паспорту; - арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө корутунду; 6) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту, 2004- же 1994-жылдардын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун бузуп алгандыгына байланыштуу кайрылган учурда: - алмаштырылууга тийиш болгон бузулган паспорт. Арыз ээсинин инсандыгын жана паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорт үчүн жана КБМРде маалыматтар жок учурунда) аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан мурда берилген паспортко карата №1 формасынын негизинде бузулган паспортту берүү фактын текшерүү жүргүзүлөт; 7) 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жоготуп алгандыгына байланыштуу: - арыз ээсинин жоготуп алган паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызы |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Мамлекеттик алымдын коюму Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет. Консулдук кызматты көрсөтүү үчүн баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Консулдук кызмат көрсөтүү үчүн алынган каражаттардын коюму тууралуу маалымат тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жеке өзү кайрылган учурда көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүү электрондук форматта көрсөтүлбөйт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер, кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк берилбеген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы – паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада каралган учурларда баш тартылышы мүмкүн |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күнүнүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күнүнөн тартып 14 иш күнүнөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-декабры № 327