Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы N 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 103, 2023-жылдын 22-мартындагы № 157, 2024-жылдын 22-майындагы № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) жеке мүнөздөгү маалыматтар, киберкоопсуздук (жеке маалыматтарды коргоо бөлүгүндө) чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу, жеке маалыматтар субъекттеринин (субъекттердин) укуктарын коргоону камсыз кылуу, жеке маалыматтар массивин кармоочуларын (ээлерин) каттоо, Жеке маалыматтар массивин кармоочуларынын реестрин жүргүзүү боюнча функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Агенттик өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес-коомчулук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенип жүргүзөт.
4. Агенттик юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Казыналык системасында жана банк-агенттеринде эсептешүү, күнүмдүк жана башка эсептери болот.
5. Агенттиктин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик";
- расмий тилде: "Государственное агентство по защите персональных данных при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
6. Ушул Жобо Агенттиктин уюштуруу-укуктук статусун, анын максатын жана милдеттерин, функцияларын жана укуктарын, ошондой эле Агенттиктин ишин уюштурууну аныктайт.
2. Агенттиктин ишинин максаты
7. Агенттиктин ишинин максаты болуп жеке маалыматтарды топтоого, иштетүүгө жана колдонууга байланышкан, ушул маалыматты иштеп чыгууда колдонулуучу каражаттарга, анын ичинде маалыматтык технологияларды колдонууга карабастан, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин коргоону камсыздоо саналат.
3. Агенттиктин милдеттери