Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 8-октябры № 203

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 590,  2026-жылдын 5-мартындагы № 148 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 4 "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонулуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесинде:

- 23-пунктунда

"Министрликтер жана ведомстволор" графасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"Документтердин жана бланктардын тизмеси" графасы төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын:

"Мекен-карт".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби:

- төмөнкүдөй мазмундагы 171-пункт менен толукталсын:

"171. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусуна ээ болгон чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып токсон жумуш күндүн ичинде төмөнкү документтерди берүү менен келген жери боюнча катталууга милдеттүү:

- чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан таризделген арызын;

- өкүл кайрылган учурда, арыз ээсинин атынан өтүнүч менен кайрылуу укугуна ишеним катты;

- чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин жарактуу документин;