Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 токтомуна)
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 , 2023-жылдын 28-декабрындагы № 719, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 1-глава. Жалпы жоболор 1. Ушул Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартибин жана Мекен-картты берүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат: 1) Мекен-карт автоматташтырылган маалымат системасы (мындан ары - АМС) - чет өлкөлүк жарандардын маалыматтарын чогултуу, сактоо, берүү жана иштетүүгө байланышкан ишти автоматташтырууга арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп саналган система; 2) чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алуу жөнүндө өтүнүч (мындан ары - өтүнүч) - арыз ээсинин, жакын туугандарынын (эгер бар болсо) жеке маалыматтарын камтыган, электрондук түрдө таризделген анкета-арыз; 3) Мекен-карт - чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ырастаган мамлекеттик маанидеги документ болуп саналган чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документи; 4) мыйзамдуу өкүлдөр - ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр, ошондой эле арыз ээси алардын кароосунда турган уюмдардын жана адамдардын өкүлдөрү; 5) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу, ошондой эле Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, сактоо жана актуалдаштыруу боюнча функцияларды камсыз кылган мамлекеттик органы; 6) ведомстволук мекемеси - калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди берүү жаатында иш жүргүзгөн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемеси; 7) аймактык бөлүмдөр - Мекен-картты жекелештирүү жана берүү үчүн документтерди кабыл алуу жана тариздөө ишин жүргүзгөн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин аймактык бөлүмдөрү; 8) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 9) жекелештирүү борбору - Мекен-картты жекелештирүүнү жүргүзгөн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагында турган жекелештирүү борбору; 10) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - аткаруу бийлигинин тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана башкаруу боюнча ишти жүргүзгөн мамлекеттик орган; 11) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери; 12) миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу орган - миграция жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык) 3. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусу жаппы жана жөкөкөйлөтүлгөн тартипте берилет. Эгерде чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурдан тартып алты ай өтө элек болсо, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. 4. Мекен-карт документи чет өлкөлүк жарандын колдонуудагы паспорту болгондо жарактуу болуп саналат. Мекен-карттын жарактуулук мөөнөтү аны берген күндөн тартып он жылды түзөт. Өтүнүчтүн формасы жана аны толтуруу тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет. 5. Өтүнүч төмөнкүдөй учурларда берилет: 1) Кыргыз Республикасынын аймагында кайрылган учурда - аймактык бөлүктөргө; 2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кайрылган учурда - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык) 6. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө же бул статусту берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө чет өлкөлүк жарандардын өтүнүчтөрүн жана чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусунан ажыратуу боюнча материалдарды кароо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан кабыл алынат. 7. Мекен-карттын сыпаттамасы жана үлгүсү миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет. |