Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 333 токтомуна)

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдын өлчөмү жана аны алуунун тартиби жөнүндө ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 115 токтомунун редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана автобустардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн эсептөөнүн жана аны алуунун тартибин аныктайт.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача белгиленбесе, бул Жобонун күчү уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактарга карата колдонулат.

3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйым - автомобиль жүк транспорт каражатына жана/же автобуска ээ болгон жана/же башкаруучу юридикалык же жеке жактардан алынуучу төлөм, аны төлөө транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жыйым төлөөчүлөргө карата юридикалык маанилүү аракеттерди жүзөгө ашыруунун шарттарынын бири болуп саналат;

2) төлөөчү - Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүүчү жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана/же автобустардын ээлери (пайдалануучулар);

3) өтүү аралыгы - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүк ташуучу транспорт каражаты жана автобус өткөн, километрлер менен өлчөнгөн аралык;

4) жүк ташуучу транспорт каражаттарынан жана автобустардан жыйымдарды электрондук алуунун маалыматтык системасы (мындан ары - маалыматтык система) - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана автобустардын кыймылы жөнүндө маалыматтардын автоматтык режиминде маалыматтарды жыйноону, иштетүүнү, сактоону жана берүүнү камсыз кылуучу техникалык жана технологиялык жактан байланышкан объекттердин жыйындысы;

5) конкурс - мамлекеттик сатып алуулар же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткирүүнүн жеңүүчүсүн аныктоочу транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылуучу тандап алуу;

6) оператор - маалыматтык системаны пайдаланууну камсыз кылган конкурстун жыйынтыктары боюнча тандалып алынган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же чет мамлекеттин мыйзамдары боюнча катталган жеке ишкер, юридикалык жак.

2-глава. Жыйымдын өлчөмүн эсептөөнүн методикасы

4. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүүнүн бир километри үчүн жыйымдын өлчөмү ушул Жобонун тиркемесине ылайык категориялар боюнча транспорт каражаттарынын классификациясына жараша белгиленет (М - жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары, N - жүктөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары).

5. Жыйымдын базалык өлчөмү Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн күнүмдүк жашоо минимумунун 1/200 бөлүгү өлчөмүндө белгиленет, аны аныктоодо негиз катары жүктөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу N - транспорт каражаттарынын категориясы алынган. Төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:

 

CN1 = ЖМд * L,

 

мында:

ЖМд - калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн күнүмдүк жашоо минимуму;

L - 1/200;

 

ЖМд = ЖМ / К,

 

мында:

ЖМ - 2022-жылга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча ар айлык жашоо минимуму;

C - бир айдагы күндөрдүн саны (30 күн);

ЖМд = 7178,32 / 30 = 239,3;

CN1 = 239,3 * 1 / 200 = 1,2 сом (тегеректелгенде 1 сом).

CN1 - 1 сом, жүк ташуучу транспорт каражаттарынын N1 категориясы үчүн базалык тариф жана N2 жана N3 категориялары үчүн тиешелүү түрдө 2 сом (максималдуу салмагы 12 тоннадан көп болгондугуна байланыштуу).

Жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырган транспорт каражаттарынын M1 жана M2 категориялары үчүн жыйым тиешелүү түрдө минималдуу тарифтин 5%ына жана 10%ына барабар же:

CM1 = CN1 х 5% же 1 х 5% = 0,05 сом (тегеректелгенде 0,1 сом);

CM2 = CN1 х 10% же 1 х 10% = 0,1 сом

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 115 токтомунун редакциясына ылайык)

6. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. Эсептерде жыйымдын өлчөмү онунчу үлүшкө чейин тегеректелет.