Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 24-декабры № 345

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675,   2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле жол кыймылын натыйжалуу уюштуруу жана коопсуздугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Тиешелүү штаты, материалдык-техникалык базасы жана финансылык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси болуп кайра аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналаары;

2) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы төмөнкүлөрдүн укук улантуучусу болуп саналаары:

– автомектептерди лицензиялоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин;

– автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу жаатындагы ишти мамлекеттик контролдоо жана лицензиялоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо департаментинин;

3) “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин, анын ичинде тейлөөчү кызматкерлердин (техникалык тейлөө персоналы) эмгек акысын төлөө белгиленген колдонуудагы эмгек акы төлөө шарттарына ылайык жүргүзүлөрү.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу жаатындагы ишти мамлекеттик контролдоо жана лицензиялоо чөйрөсүндөгү функцияларын тиешелүү штаты, материалдык-техникалык базасы жана финансылык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берсин.

5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги автомектептерди лицензиялоо чөйрөсүндөгү функцияларын тиешелүү документтери менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берсин.

6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

1) эки айлык мөөнөттө:

– түзүмдөрүн жана штаттык ырааттамаларын ушул токтомго ылайык келтирсин;

– бөлүштүрүү баланстарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;