Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

“Унаа” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды (мындан ары – транспорт каражаттары) каттоо, кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү жаатында иш жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин (мындан ары – Мекеме) ишин регламенттейт.

2. Мекеме Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук мекемеси болуп саналат.

3. Мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

4. Директорду жана директордун орун басарларын кошпогондо, Мекеменин кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчы болуп саналбайт.

5. Мекеме мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча баланска жана ыкчам башкаруу укугунун негизинде ага бекитилген мүлккө, алыш-бериш жана башка эсептерге ээ. Мекеменин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн фирмалык аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.

6. Мекеменин ишин Министрлик контролдойт.

7. Мекеменин толук фирмалык аталышы:

мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси”;

расмий тилде: “Государственное учреждение “Унаа” Министерства внутренних дел Кыргызской Республики”.