Сравнение редакций…
1-тиркеме
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 токтому менен бекитилген
Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү
стратегиясын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча
нускама
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 84-беренесине ылайык иштелип чыккан жана бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү тарабынан (мындан ары – БКБТ) түзүү (иштеп чыгуу/жаңыртуу), ошондой эле бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын (мындан ары – БЧОС) кароо тартибин белгилейт. БЧОСту түзүүчү БКБТ тизмеги жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.
2. БЧОС сектордун/тармактын стратегиялык максатын жана милдетин, бюджеттик программаларды, ошондой эле тийиштүү сектордо/тармакта мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишинин жыйынтыгын белгилейт.
БЧОС “Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары” документинин бөлүгү катары жыл сайын түзүлөт, жаңыланат жана такталат. БЧОС төмөнкүлөр үчүн багытталган:
сектордогу/тармактагы кырдаалды объективдүү баалоо жана орто мөөнөттүү мезгилге өнүктүрүү болжолдорун түзүү;
2) секторду/тармакты өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелерди жана багыттарды кабыл алуу;
3) кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджеттин долбоорун түзүү үчүн негиздерди түзүү.
3. БЧОСтун долбоорун даярдоо жана кароо 1-таблицада келтирилген график боюнча ишке ашырылат.
1-таблица
БЧОСту түзүүнүн жылдык циклинин графиги
№ | Этаптары | Жооптуу органдар | Мөөнөтү |
1 | Бюджеттик календардын долбоорун түзүү жана аны Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитүү | ЫМО, Соцфонд, ММКФ, Министрлер Кабинети | 1-февралга чейин |
2 | БЧОСтун долбоорун даярдоо процесси | БКБТ | 20-апрелге чейин |
3 | БКБТнын расмий веб-сайтына БЧОСтун долбоорун жарыялоо жана коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө билдирүү | БКБТ | 20-апрелге чейин |
4 | БЧОСтун долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүү | БКБТ | 1-майга чейин |
5 | ЫМОго БЧОСтун долбоорун берүү | БКБТ | 5-майга чейин |
6 | БЧОСтун долбоорунун финансылык параметрлерин ЫМО менен талкуулоо жана макулдашуу | БКБТ, ЫМО | 15-майга чейин |
7 | «Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттары» (мындан ары – ФСНБ) актынын долбооруна киргизүү үчүн БЧОСтун берилген долбоорлорун жалпылоо | ЫМО | 20-майга чейин |
8 | ФСНБ долбоорун жана пикир келишпестиктер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Министрлер Кабинетинин кеңешине берүү (мындан ары – Министрлер Кабинетинин кеңеши) | ЫМО | 5-июнга чейин |
9 | ФСНБ долбоорун карап чыгуу жана контролдук цифралар боюнча пикир келишпестиктерди жоюу | Министрлер Кабинетинин кеңеши | 15-июнга чейин |
10 | Министрлер Кабинетинин кеңеши тарабынан ФСНБны жактыруу | Министрлер Кабинетинин кеңеши | 15-июнга чейин |
11 | ФСНБны ЫМОнун расмий веб-сайтына жарыялоо | ЫМО | 20-июнга чейин |
4. Ушул Нускамада пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер:
бюджеттик программанын администратору – БКБТнын бюджеттик программаны ишке ашыруу жана пландоо процессин координациялоо үчүн жоопкерчилик алган кызматтык адамы;