Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 375, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи Устав болуп саналат. Ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эсептелет.
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы бар:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасы";
2) расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргыз автобекети" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
Ишкананын кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "КА" МИ";
2) расмий тилде: "ГП "КА".
6. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак статусуна ээ, ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлккө оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат, өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
7. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, мамлекеттик ишканалардын жана коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
8. Ишкана өз алдынча баланска ээ жана Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди белгиленген тартипте ачууга укуктуу.
9. Мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдикти (гарантия) алган учурларды кошпогондо, Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттери боюнча жооп бербейт.