Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 317 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук түзүмү болуп саналат, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдар, ошондой эле жеке жактар тарабынан ушул мыйзамдар жайылтылган Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын ишке ашырууга ыйгарым укуктуу.
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызмат Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат.
4. Кызмат өз ишин аткаруу бийлигинин органдары, мамлекеттик көзөмөл жана контролдоо органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, прокуратура, кесиптик бирликтер бирикмелери, иш берүүчүлөр, башка коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө ишке ашырат.
5. Кызмат юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өз аталышы менен мөөрү бар, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, казыналык системасында эсептери болот. Кызматтын мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана ага оперативдүү башкаруу укугунун негизинде бекитилип берилет.
6. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат";
- расмий тилде: "Служба по контролю и надзору трудового законодательства при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики".
Кызматтын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде - "ЭМККК";
- расмий тилде - "СКНТЗ".
Кызматтын уюштуруучулук-укуктук формасы - мекеме.
7. Кызматтын юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 197.
2. Кызматтын максаты
8. Кызматтын максаты эмгек мыйзамдарынын жана эмгекти коргоонун сакталышын камсыз кылууга мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү ишке ашыруу болуп саналат.
3. Кызматтын негизги милдеттери
9. Кызматтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жарандардын эмгек укуктарынын сакталышын жана корголушун, ошондой эле эмгекти коргоо талаптарын камсыздоо;
- иш берүүчүлөрдүн эмгек мыйзамдарын сактоосун камсыз кылуу;
- иш берүүчүлөрдү жана кызматкерлерди эмгек мыйзамдарынын жоболорун сактоонун кыйла натыйжалуу каражаттары жана ыкмалары жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу;
- иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсүн өздөштүрүүсүнө көмөк көрсөтүү.
4. Кызматтын функциялары
10. Милдеттерине ылайык Кызмат төмөнкүдөй негизги функцияларды ишке ашырат:
- уюмдарда эмгек мыйзамдарынын, эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актылардын сакталышына текшерүү, сурамжылоо жүргүзүү, бузууларды четтетүү боюнча аткарууга милдеттүү буйруктарды чыгаруу жана күнөөлүүлөрдү укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу аркылуу мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат;
- аныкталган бузуулардын жагдайларын жана себептерин талдайт, аларды четтетүү жана жарандардын бузулган эмгек укуктарын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрөт;
- өндүрүштүк кырсыктарды белгиленген тартипте териштирет, алардын себептерин талдайт, мындай учурларды болтурбоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана жеңил бөөдө кырсыктардын өндүрүш менен байланышы жоктугу жөнүндө иш берүүчүлөрдүн комиссиясынын корутундуларын макулдашат;
- колдонуу практикасын жалпылайт жана Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарын бузуунун себептерин талдайт, аларды жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды даярдайт;
- балдардын эмгегин пайдаланууга текшерүүнү ишке ашырат;
- өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик ооруларды иликтөөнүн жана эсепке алуунун белгиленген тартибин сактоого контролду ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамына ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт;
- Кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишине контролду ишке ашырат жана уюштуруучулук, методикалык жетекчиликти, аларды ченемдик камсыздоону камсыз кылат;
- эмгек инспекторлорунун квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- Министрлик аркылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине эмгекти коргоонун жана эмгек шарттарынын абалы жөнүндө ар жылдык отчет берет;
- өндүрүштүк травмалар жана кесиптик оорунун абалын жана себептерин талдайт, алардын алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды сактоо маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөл жана контролдоо жана коомдук контролдоо органдарынын ишин координациялайт;
- уюмдарда аныкталган эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузуулар жөнүндө коомчулукка маалымдайт;
- жумушчулардын эмгек укуктары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, иш берүүчүлөрдү жана жумушчуларды эмгекти коргоо маселелери боюнча окутууга көмөк көрсөтөт;
- жарандарды кабыл алат, жарандардын эмгек укуктарынын бузулушу жөнүндө алардын арыздарын, даттанууларын жана башка кайрылууларын карайт жана консультация берет, аныкталган бузууларды четтетүү жана бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызматка жүктөлгөн башка функцияларды аткарат.