Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 32 токтомуна) |
Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы N 239 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасындагы инвесторлорду коргоого багытталган.
2. Ушул Тартиптин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) инвесторлордун даттанууларынын реестрин түзүү;
2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө пайда болгон маселелерди чечүүдө, ошондой эле контролдук мамлекеттик үлүшү бар чарбалык шериктештиктер жана коомдор, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен коммерциялык эмес талаш-талаштарды чечүүдө инвесторлорго көмөк көрсөтүү;
3) Кыргыз Республикасы үчүн экономикалык жана укуктук кесепеттерди минималдаштыруу;
4) инвесторлор менен соттук талаш-тартыштардын жана арбитраждык териштирүүлөрдүн тобокелдиктерин минималдаштыруу;
5) Кыргыз Республикасында инвесторлорго өзүнүн инвестицияларын сактоого жана көбөйтүүгө жардам берүү;
6) Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу.

3. Ушул Тартиптин максаттарында пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
1) даттануулардын субъекттери - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, контролдук мамлекеттик үлүшү бар чарбалык шериктештиктер жана коомдор, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар;
2) инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик;
3) даттануу - инвестордун потенциалдуу бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын четтетүүгө жана/же калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга инвесторлордун кайрылуусу;
4) даттануулардын реестри - инвестор жана анын даттануусу жөнүндө маалыматтык-маалымдама маалыматтарын камтыган даттанууларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы N 239 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларды коштоо маселелери төмөнкү принциптерге негизделет:
1) объективдүүлүк;
2) калыстык;
3) ар тараптуулук;
4) инвесторлордун эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
5) көз карандысыздык;
6) мыйзамдуулук;
7) купуялуулук.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы N 239 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Инвесторлордун даттанууларын кароо боюнча иш инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбалык шериктештиктер жана мамлекет катышкан коомдор, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз институттар менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы N 239 токтомунун редакциясына ылайык)
5-1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча өздөрүнүн веб-сайттарына жана башка онлайн-ресурстарда, ошондой эле маалымат такталарына ушул Тартипке ылайык инвесторлордун даттанууну берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматты жайгаштырууга милдеттүү.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы N 239 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларды коштоо боюнча механизмдин алкагында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) инвесторлордун даттанууларынын реестрин (мындан ары - Реестр) жүргүзөт жана маалыматты Реестрге киргизүү менен даттанууларды чечүү процессине көз салат;
2) даттанууда камтылган маалыматтарга экономикалык жана укуктук талдоо жүргүзөт;
3) аны чечүү максатында даттануулардын субъекттери менен өз ара аракеттенет;
4) даттануу менен кайрылган инвесторлор менен жолугушууларды аларды талаптагыдай кароо үчүн өткөрөт;
5) инвесторлордун даттануулары боюнча арбитраждык териштирүүнүн келип чыгышынын учурдагы тобокелдиктери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин соттук өкүлчүлүгү боюнча ыйгарым укуктуу органга маалымдайт;
6) даттануунун субъекти тарабынан мыйзамдардын ченемдерин сактабоо же бузуу мүмкүндүгү боюнча учурларды укуктук талдоонун алкагында аныкталган бөлүгүндө прокуратура органдары менен өз ара аракеттенет;
7) Реестрде катталган инвесторлорго мындан аркы коштоону жүргүзөт;
8) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине даттанууларды кароонун жыйынтыктары жөнүндө жана зарыл болгон учурда айрым даттанууларды чечүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө маалымат жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы N 239 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ишке тартылган даттануулардын субъекттери даттанууларды кароо ишинде инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы N 239 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 32 токтомуна) |
Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасындагы инвесторлорду коргоого багытталган.
2. Ушул Тартиптин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) инвесторлордун даттанууларынын реестрин түзүү;
2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө пайда болгон маселелерди чечүүдө, ошондой эле контролдук мамлекеттик үлүшү бар чарбалык шериктештиктер жана коомдор, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен коммерциялык эмес талаш-талаштарды чечүүдө инвесторлорго көмөк көрсөтүү;
3) Кыргыз Республикасы үчүн экономикалык жана укуктук кесепеттерди минималдаштыруу;
4) инвесторлор менен соттук талаш-тартыштардын жана арбитраждык териштирүүлөрдүн тобокелдиктерин минималдаштыруу;
5) Кыргыз Республикасында инвесторлорго өзүнүн инвестицияларын сактоого жана көбөйтүүгө жардам берүү;
6) Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Тартиптин максаттарында пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
1) даттануулардын субъекттери - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, контролдук мамлекеттик үлүшү бар чарбалык шериктештиктер жана коомдор, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу орган;
3) даттануу - инвестордун потенциалдуу бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын четтетүүгө жана/же калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга инвесторлордун кайрылуусу;