Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 24-декабры № 342

Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу мамлекеттик ишканалардын маселелери жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 622 , 2025-жылдын 4-июлундагы № 398 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик ишканаларын укуктук жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр кайра аталсын:

1) Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы болуп;

2) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 622 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3) "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек аскердик көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасы болуп;

4) "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы болуп.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы жана 1-5-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 622 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июлундагы № 398 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы, преамбуласындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик соода башкармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик соода башкармалыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

6. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;