Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна) |
Салык органдары тарабынан камералык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 , 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 125-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан жана салык төлөөчүнүн салыктык отчетун, анын ичинде салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетту салыктык контролдоонун маанилүү формаларынын бири катары камералык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча салык органдарынын ишин уюштуруунун бирдиктүү принциптерин, ошондой эле салык төлөөчүнүн иши жөнүндө башка маалыматты белгилейт.
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126-беренесине ылайык кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) төлөөчүнүн КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу жөнүндө арызы боюнча салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү камералык текшерүүлөргө жайылтылбайт.
2. Камералык текшерүү жүргүзүүнүн максаты:
1) салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын өз учурунда жана толук аткарылышына контролду жана көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашыруу;
2) салык төлөөчүнүн салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелерин азайтууга багытталган экономиканын көмүскө секторунда ишин аныктоо жана бөгөт коюу;
3) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 117-беренесинде каралган мыйзамдуу негиздер болгон учурда, тийиштүү көчмө текшерүү жүргүзүү жөнүндө маселени кароо үчүн салык төлөөчүнүн иши тууралуу маалыматтарды чогултуу жана изилдөө.
3. Камералык текшерүү салык төлөөчүнүн катышуусуз түздөн-түз ушул салык органы жайгашкан жер боюнча аймактык салык органы тарабынан жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу салык органы (Кыргыз Республикасынын салык кызматынын борбордук мамлекеттик органы) камералык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуксуз.
Ыйгарым укуктуу салык органы салыктык милдеттенмелерди эсептөөнүн тууралыгы бөлүгүндө салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн дал келбестиктери жөнүндө, ошондой эле салыктык отчеттуулукту толтурууда салык төлөөчү тарабынан кетирилген башка каталарды күбөлөндүрүүчү маалыматтарды алган учурда ыйгарым укуктуу салык органы бул маалыматтарды салык органына камералык же көчмө текшерүү жүргүзүү үчүн жиберет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 , 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Камералык текшерүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө салык органы салык төлөөчү тарабынан салык органына берилген салыктык жана башка отчетторду, ошондой эле салыктык, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелердин туура эмес жана/же толук эмес эсептелиши тууралуу салык органында болгон салык төлөөчүнүн иши жөнүндө башка маалыматтарды жана/же салыктык отчетторду жана салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду толтурууда, анын ичинде автоматташтырылган система аркылуу салык төлөөчүнүн ишинин салыштырмалуу көрсөткүчтөрүн салыштыруу түрүндө салык төлөөчү тарабынан кетирилген башка каталарды изилдеп чыгат.
5. Камералык текшерүүнү жүргүзүүдө салык органынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинде аныкталган салык салуунун мыйзамдуулугу, милдеттүүлүгү, адилеттүүлүгү, ак ниеттүүлүк презумпциясы жана укук ченемдүүлүк принциптерин жетекчиликке алууга милдеттүү.
Камералык текшерүү учурдагы көчмө пландуу же пландан тышкаркы текшерүүлөр камтыган салык мезгили үчүн, ошондой эле көчмө текшерүүлөр процессинде мурда текшерилген салык мезгили үчүн жүргүзүлбөйт.
2. Камералык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби
6. Камералык текшерүү салык органынын жетекчисинин же жетекчинин орун басарынын кандайдыр-бир атайын чечимисиз салык органынын кызмат адамы тарабынан анын кызматтык милдеттерине ылайык жүргүзүлөт. Салык төлөөчүгө камералык текшерүүнү баштоо жөнүндө маалымат берилбейт.