Загрузка документа…
|
| 6-тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтому менен бекитилди) |
Товарлардын импортуна кошумча нарк
салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуу
тартиби жана шарттары жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280, 2024-жылдын 27-августундагы № 525, 2025-жылдын 11-январындагы № 7, 2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2026-жылдын 20-августундагы № 565 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Колдонуу шарттары
3-глава. Каттоо тартиби
4-глава. Товарлардын импортунда режимди колдонуу тартиби
5-глава. Товарлардын импортуна КНСтин шарттуу эсептелген суммасын кайтарып берүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу кошуп эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесине жана 430-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык иштелип чыкты жана товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) шарттуу эсептөөнүн шарттарын жана тартибин жөнгө салат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 565 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
1) товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө - КНСти төлөө тартиби, ага ылайык салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо эсептелген КНСтин суммасын киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагынан бул товарларды андан ары экспорттоо шарты менен Казыналык системасында ачылган депозиттик эсепке киргизүүгө же бюджетке төлөөгө милдеттүү;".
2) бажы органынын депозиттик эсеби - үчүнчү өлкөдөн импорттолуучу товарларга КНС төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары келип түшкөн каражаттар менен операцияларды жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде Казыналык системасында ачылган депозиттик каражаттарды эсепке алууга арналган эсеп;
3) салык органынын депозиттик эсеби - Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден (мындан ары - ЕАЭБ) импорттолуучу товарларга КНС төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары келип түшкөн каражаттар менен операцияларды жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде Казыналык системасында ачылган депозиттик каражаттарды эсепке алууга арналган эсеп;
4) эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, бул Жободо пайдаланылган башка терминдер жана аныктамалар салык мыйзамдарында жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда кандай мааниде пайдаланылса, ошондой мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Колдонуу шарттары
3. Товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режими төмөнкүлөргө колдонулбайт:
1) патенттин негизинде салык төлөөчү субъекттерге;
2) финансылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн банкттарга жана субъекттерге;
3) инвестициялык фонддорго;
4) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына;