Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-февралы № 84

Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө

Патенттин негизинде иш жүргүзгөн субъекттерге салык салууну оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 414-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Иштин төмөнкү түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасы бекитилсин:

1) жеке ишкердик иши 1-тиркемеге ылайык;

2) жеке эмгек иши 2-тиркемеге ылайык.

3) 2024-жылдын 1-ноябрына чейин колдонуу мөөнөтү менен жеке ишкердик жана жеке эмгек иши 3-тиркемеге ылайык.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн патенттин негизинде салыктын суммасына 5ке барабар, бирок салыктын базалык суммасынан жогору эмес коэффициент колдонулары;

2) бул токтом кабыл алынган датага чейин берилген эл аралык долбоорлордун жана программалардын жергиликтүү кызматкерлеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле эсептөөчү жана көбөйтүүчү техниканы программалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө патенттер алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулары;

3) 2023-жылдын 1-январынан тартып патент электрондук форматта (электрондук патент) милдеттүү таризделери.

4) ушул токтом менен бекитилген иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасынан алып салынган иштин айрым түрлөрү алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин иштейт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөр арасында ишкердик иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын колдонуунун тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-октябрындагы № 723 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 522 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;