Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-февралы № 84
Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 283, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705, 2023-жылдын 29-майындагы № 279, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2024-жылдын 23-августундагы N 499, 2025-жылдын 11-январындагы № 7, 2025-жылдын 25-мартындагы № 146, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 , 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811, 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Патенттин негизинде иш жүргүзгөн субъекттерге салык салууну оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 414, 416, 426, 459-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Иштин төмөнкү түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасы бекитилсин:
1) жеке ишкердик иши 1-тиркемеге ылайык;
2) жеке эмгек иши 2-тиркемеге ылайык.
3) 2024-жылдын 1-ноябрына чейин колдонуу мөөнөтү менен жеке ишкердик жана жеке эмгек иши 3-тиркемеге ылайык.
4) соода чөйрөсүндөгү иш 4-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7, 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575 токтомдорунун редакциясына ылайык)
11. Жалданма кызматкерге патенттин ставкасы ар бир календардык жылга республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 5 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
0 пайыз өлчөмүндөгү патенттин ставкасы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке ишкер жакын тууганын жалданма кызматкер катары ишке тарткан учурда колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн патенттин негизинде салыктын суммасына 5ке барабар, бирок салыктын базалык суммасынан жогору эмес коэффициент колдонулары;
2) бул токтом кабыл алынган датага чейин берилген эл аралык долбоорлордун жана программалардын жергиликтүү кызматкерлеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле эсептөөчү жана көбөйтүүчү техниканы программалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө патенттер алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулары;
3) 2023-жылдын 1-январынан тартып патент электрондук форматта (электрондук патент) милдеттүү таризделери.
4) ушул токтом менен бекитилген иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасынан алып салынган иштин айрым түрлөрү алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин иштейт.
5) ушул токтомдун 2-тиркемесинин 12-пункту жана 30-пунктунун 2-пунктчасы 2025-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.