Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-январы № 26
Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдорду жана фермаларды статусунан ажыратуу жөнүндө
Генетикалык ресурстарды сактоо, асыл тукум жаныбарлардын породалык жана азыктуулук сапаттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Асыл тукум заводдоруна жана фермаларына коюлуучу талаптарга ылайык келбеген заводдор жана фермалар ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык асыл тукум статусунан ажыратылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 478 "Кыргыз Республикасынын асыл тукум субъекттерине асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 1 жана 2-тиркемелери ушул токтомдун 3 жана 4-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У.Жапаров | |
|
| ||
1-тиркеме
Асыл тукум субъекти статусунун талаптарына ылайык келбеген асыл тукум заводдорунун ТИЗМЕСИ
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-октябрындагы № 592 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ