КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-марты № 137
Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249, 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 479, 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023 жылдын 16-майы № 264 , 2023-жылдын 28-декабрындагы № 718 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 547 "Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Товарларга карата салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы тиркемеге ылайык белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
2. 2022-жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлккө салыктын нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме Салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлардын ТИЗМЕСИ (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 718 токтомунун редакциясына ылайык)
|